Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовду мактоого али эрте экенин билдирди.
[ads-quote-center cite=’деп жазат Акаев.’]«Жогорку Кеңеште Башкы прокурорго мамиле такыр башкача, бирок элде, көчөдө такыр башкача! Мыйзамды көзөмөлдөгөн башкы органдын жетекчисине «өмүрүңүз узун болсун, жакшы иштеп жатасыз» деген сөздөр диктатуралык мамлекеттерде гана айтылбаса, адилеттикке суусаган биздин өлкөдө ушундай сөздөрдүн болгону мени өтө кыжырдантты»[/ads-quote-center]Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊеш Башкы прокурордун 2018-жылга карата отчетун канааттандырарлык деп тапты.
Жогорку Кеӊеш Башкы прокурордун 2018-жылга карата отчетун канааттандырарлык деп тапты