Түркмөнстандын ири шаарларын суу каптады (видео)

Автор -

Акыркы жумада тынымсыз нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Түркмөнстандын батышындагы ири шаарлар жана түштүк-чыгышындагы калктуу конуштар суу алдында калды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 14-апрелде жаан Түркмөнбашы жана Балканабат шаарларынын көчөлөрүн каптап калган.

13-апрелде Мары облусунун жашоочулары Түркмөнстандын түштүк-батышындагы суу ташкындар тууралуу кабарлашкан. “Азаттыктын” түркмөн кызматына жөнөтүлгөн видеолордун биринде Ооганстан менен чектеш Серхетабат шаарындагы кырдаал сүрөттөлөт.

​Буга чейин суу ташкынынан Мары облусунун Тагтабазар району жабыркап, ондогон үйлөр урап калган.

“Тагтабазардагы акыркы суу ташкынынан кийин дамбаларды көтөрө башташты. Селден жабыр тарткандар стадиондогу чатырларда жашап жатат. Аларга курулуш үчүн жер тилкеси берилери айтылган. Бирок Мургаб дарыясын казуу керек. Адистер суу жээктен чыгып кетүү коркунучу жогору экенин билдиришүүдө. Мургаб суусу өтө кир болуп турат. Суу Сарыязын суу сактагычында топтолууда. Сел тобокелчилиги көбөйүүдө. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок», — деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

13-апрелде узакка созулган нөшөрдөн улам Ашхабадда сел жүргөн.ста