«Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанатынын алкагында жол тыгындарын алдын алуу жана коопсуздук үчүн маданий иш-чаралар өтчү жайлардын аймагындагы айрым кѳчѳлѳр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-20-апрель күндѳрү Курманжан датка—Совет, Ленин—Нурматов кѳчѳлѳрү жана Курманжан датка көчөсүнөн Ленин—Баялинов кѳчѳсүнѳ чейин, ошондой эле Сай-Бою кѳчѳсү (Ак-Буура дарыясынын сол тарабы) жабылат.
Аталган көчөлөрдүн кесилишинде Жол кыймылын көзөмөлдөө бѳлүмүнүн кызматкерлери күзөттө болушат.