Мадумаров уран кени боюнча: Биздин Илимдер Академиясындагылар эшек такалап атабы?

Автор -
244

Коомчулукта Ысык-Көлдүн Кек-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай күчөп, жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн кол чогулта баштаган. Кечээ жеринде даты 600дей адамдын катышуусунда митинг болду. Кыргызстандын ар тарабынан уранды казууга каршы пикирлерин билдирүүнүн этеги тыйыла элек. Ал турсун өлкөнүн саясатчыларынан тартып маданиятчыларына дейре ойлорун айтууда.

Чек ара маселесинен улам көрүнбөй кеткен Адахан Мадумаров дагы атайы жыйын куруп, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Анда урандын казылышы боюнча суроолор болуп айда Мадумаров көлдүктөрдү  колдоорун билдирип «уранды иштетүүгө мен да каршымын» — деди.

[ads-quote-center cite=’деди Мадумаров.’]»Ысык-Көлдөгү чыгып жаткан элдин талабына кошулам. Аябай туура чыгып жатат. Бир муун келет, алар баарын өз шарты менен казып алат. Эми ошол жерде сөз кылып атат, комиссия түздүк деп, карапайым элден эптеп кошуп коюшуптур. Алар эмнени түшүнүп коюптур. Бийликтен элдин ишеними кеткени ушул. Жылкычы, койчу, дыйкан уран боюнча бир нерсени түшүнөбү? Комиссияга кимдерди кошуш керек экенин билбеген өкмөт элди жыргатабы? Эмне биздин Илимдер Академиясындагылар эшек такалап атабы? Бизде биология, физик, химия боюнча окумуштуулар бар. Алар эмнеге ооз ачпайт, алар эмнеге комиссияга кирбейт? Алардын кирбегени кимге пайда?»[/ads-quote-center]

Булак: «Факты.kg» гезити. №16 (16), 23-апрель,2019-жыл.