ӨКМдин маалыматына ылайык, 19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айыл аймагы Акман айылынын тургуну 2014-жылы туулган И.Э. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон.
Издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен 38 куткаруучу (КР ӨКМнин Базар-Коргон райондук №78 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) 22 куткаруучу, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 суучул, КР ӨКМнин 2-ӨИКОдон 3 куткаруучу) ИИМден 24 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 35 адам, жалпы 97 адам тартылып, издөө иштери Акман айылынын Жаңы-Акман каналында жана Кайырма көлүнүн жээгинде жүргүзүлгөн.
Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:30да издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок.
Издөө иштери бүгүн, 4-апрель күнү улантылат.