Расмий маалыматка караганда, Кыргызстангы көмүскө экономиканын деӊгээли 35-40 пайызды түзөт. Ал эми айрым эксперттердин айтымында, көмүскө экономика 60 пайызга жетти. Демек, мамлекеттик бюджетке канча каражат түшпөй калууда? Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө Премьер-министрдин отчету угулуп жатканда, депутат Айнура Осмонова ушундай собол салды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев биздеги көмүскө экономиканын деӊгээли 24 пайызды түзө турганы жөнүндө маалымат бар экенин билдирди.
[ads-quote-center cite=’деди ал.’]“Бирок, менин оюмча, көмүскө экономиканын деӊгээли андан жогору. Экономика тармагын санариптештирүү алардын оодук бөлүгүн ачыкка чыгарат болуш керек. Азыр бул багытта жүргүзүлө турган иш-чаралардын коцепциясы даяр. Анда Кытай, Россия, Казакстан өӊдүү өлкөлөрдүн тажрыйбасы эске алынды”[/ads-quote-center]