Космосбек Чолпонбаевдин «ит жоругу ошол бойдон жоголуп тынды

Автор -

Оозуӊа чак келгис акчага жол тандабас минип, министр экенин билгизген, бирөөлөрдүн бир жерин оорутуп саламаттыгына сак тийгизгeн Космосбектин «ит жоругу ошол бойдон жоголуп тынды окшойт.

Текшерип, тишинин кирин соргон Кыргызстандын тикелей элдин акчасына анын байдын эрке талтаӊындай кылган жоругуна жолуӊ болгур бийлик бирдеме деп койгонго жараган жок. Анан кантип ачууӊ келбесин.

Кызыгы, Министр Космосбек Чолпонбаев 28 -жылдан бери «Кыргыз ССРинин Саламаттыгын сактоо министерствосу» жок экенин эми туюп же айыппулдун эсебинен жарнагын орнотууну да көздөп жүрөбү?

Медициналык тез жардам берүүнүн материалдык-техникалык  базасы «Коопсуз шаар» долбооруна түшкөн айып пулдун негизинде жаӊыртылат экен. Медициналык тез жардам берүүнү жаӊыртуу турмуштун шарты, бирок «Коопсуз шаарга» шылтоолоп айдоочуларга жөнү жок айыппул салып жаткан жокпузбу? Айдоочулар да «Коопсуз шаарга» нааразы болуп жатыштат, анткени эптеп ижара менен айдап акча менен үй-бүлөсүн эптеп багып жүрүшсө, айыппулга төгүп акчаларынан айрылып жатышат. Алардын айыппулунун негизинде мамлекетибиз оӊолуп кетпейт. Андан көрө дарыканадагы коррупцияны жойсо жакшы болмок.

Сак саламат болуӊуз, доктор Космос мырза. Сиздин саламаттыгыӊыз үчүн «айыппулду» шордуу эл төлөсүн, жок деreнде ошол элдин саламаттыгы үчүн бир-демени кылып бере алсаӊыз кана?

Булак: «Факты.kg» гезити. №16. 23-апрель. 2019-жыл.