Талант Өмүрбеков: Жашы жете элек балдар, кыздарды зордуктаган фактылар кѳбѳйүүдѳ (маек)

Автор -
397

3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери, профессор Талант Өмүрбеков менен кызыктуу маек.

— Агай, алгач сиз жетекчилик кылып келаткан балдар ооруканасынын кыскача тарыхы жѳнүндѳ сѳз кылсаңыз?

— Балдар ооруканасынын ачылганына быйыл туура 55 жыл болду. 1964-жьлы Фрунзе шаарында 3-балдар ооруканасы ачылган. Азыркы хирургиялык имарат курулуп ишке берилген. Бул имараттын 3-кабатында эки хирургиялык бѳлүм, бири таза, экинчиси илимдүү илдет хирургия бѳлүмү болуп ачылган. Бул бѳлүмдѳрдүн ачылышы менен Кыргызстандын балдар хирургиясынын тарыхы башталган. Эки бѳлүмдүн базасында доценттик курс, андан кийин балдар хирургия кафедрасы ачылган. Ал кафедраны Кононов Виктор Сергеевич жетектеген. Биринчи бѳлүмдүн башында А.С.Марков турса, экинчи бѳлүмдүн башында А.Г.Лим деген жогорку даражадагы дарыгерлер турган. Бул адамдар балдар ооруканасынын башында турган алгачкы адамдар болуп саналат.

-Тилекке каршы, заман жакшырып жашоо жеңилдеген сайын оорунун да түрлѳрү кѳбѳйүп баратпайбы. Балдарда кездешкен оорулардын түрлѳрү да кѳбѳйүп, жаңы оорулар пайда болуп жатканын кѳп эле угyп жүрѳбүз, бул тууралуу айтсаңыз?

— Бүгүнкү күндѳ балдар дарыгерлеринин байкоосуна караганда тубаса кемтик менен  тѳрѳлгѳн балдар жылдан-жылга кѳбѳйүп баратат. Мындан 20-25 жыл мурдагыга салыштырып караганда кемтик менен тѳрѳлгѳн балдардын саны кескин ѳстү. Мурун кездешпеген оорулар пайда боло баштады. Денеси саргайган наристелер кѳп тѳрѳлүп жатат. Мындай кѳрүнүштү мындан 15-20 жыл мурун кѳрчү эмеспиз. Андан тышкары наристелер арасында мээсине кан куюлган учурлар да кѳп болуп жатат. Мунун бардыгы эненин ичинде кезде түйүлдүк инфекцияга туш болгондо болчу оорулар. Бул инфекциянын 92 пайызы жыныстык жол менен жугат. Мындай учурда кемтик болуп тѳрѳлгѳн наристе үчүн күнѳѳлүү бир гана ата-эне саналат.

— Баланын билеги ооруса эненин жүрѳгү ооруйт деген сѳзгѳ сиздер чындап күбѳ болуп келатсаңыздар керек. Бирок тилекке каршы замандын катаалдыгы айрым энелердин да жүрѳгүн мерез кылып коюп жаткандай. Дегеним, ѳз балдарын ѳздѳрү майып кылган ата-энелердин саны да кѳбѳйүп баратпайбы. Ѳзгѳчѳ сиздердин ооруканага түшкѳн балдар буга мисал боло алат го. Наристелердин зордук-зомбулукка кабылып бейтапканага түшкѳн учурлары сиз иштеген алгачкы жылдардын бери келаткан кѳрүнүшпү же мындай мыкаачылык акыркы жылдарда гана пайда болдубу?

— Акыркы кездерде ата-эне ѳзү себепкер болуп балдарын майып кылып койгон учурлар тилекке каршы кѳп болуп жатат. Биринчи Кыргызстанда зордук-зомбулукка дуушар болгон балдарды алгач байкаган биздин оорукана болгон. 1995-жылы атайын журнал ачып, ал журналга мындай балдарды тизмеге киргизе баштаганбыз. Эсимде ошол жылы 8-март күнү кечинде үйдѳн ооруканага тезинен операция кылыш керек деп чакырышты. Келсем, кансырап жаткам жаш бала. Ал балага кѳчѳдѳн арка жагынан бычак сайып кеткен экен. Ѳпкѳсүн тешип алдына чыгып калыптыр. Ал баланы сактап калганбыз. Ошол окуядан кийин эмнегедир мындай окуялар кездеше баштады. Алгачкы жылдары буга кѳп көңүл бурула берчү эмес. Себеп дегенде коомчулук балдарга карата да зордук-зомбулук болуп жатканын ачык билчү эмес. «Вечерний Бишкек» газетасында «Боль» деген  рубрика бар эле, ошол жерге биз мындай окуялардан жазып турчубуз. 2008-2009 -жылга чейин балдарга карата зомбулук болуп, бирок зордуктоо түшүнүгү жок болсо, 2009-жылдан баштап жашы жете элек балдар, кыздарды зордуктаган фактылар абдан кѳбѳйѳ баштады. Мындай кейиштүү окуяга дарыгер болгон үчүн гана чыдап келебиз. Ѳзгѳчѳ зордукталган наристе кыздар оор операцияны башынан ѳткѳрүшѳт. 3 этап менен операция жасаганга туура келет. Бул балдардын психикасы абдан бузулат. Алардын кыйналып жатканын кѳрүү биз үчүн да ѳтѳ оор. Тандап алган кесибибиз болгон үчүн гана чыдоого туура келет. Ѳзгѳчѳ мыкаачылыктын түрүн кѳрдүк. Алгачкы жылдары мындай учурлар аз кездешкен убакта бир кичинекей 5 жашар бала биздин ооруканага оор абалда түштү. Ал баланын апасы Россияга иштегени кетип, 20 жаштагы туугандарынын баласына таштап кеткен экен. Апасы жок байкуш баланы эрмектеп сабап, тамекини денесине басып ѳчүрүп кыйначу экен. Денесинде тамтык жок. Андам кийинки жылдары мындай окуялардын саны ѳстү. Биринен сала бири түшүп, бири кирдин суусун ичирип сабаса, экинчиси ѳз кызын зордуктаган учурлар кездешип жатат. Булар дагы коомчулукка билинип жатканы. Эң ѳкүнүчтүүсү үйүндѳ билинбей калып, зомбулуктун уланып жаткандары канча.

— Коомчулук баланы кордогон адам атына татыксыздар ѳлүм жазасына тартылсын деп байма-бай айтып келатпайбы Сиз мындай балдарды дарылап, жанынан кѳргѳн адам катары кандай жаза татыктуу деп эсептейт элеңиз?

— Кандай жаза болсо дагы эң оор жазасына мындай мыкаачылар татыктуу. Эгер ѳлүм жаза кире турган болсо, мындай адамдар биринчилерден болуп кетиши керек. Ѳзгѳчѳ балага сексуалдык зомбулук кѳрсѳткѳн мыкаачыны ѳлүм жазасына тартуу керек. Мындай балдар оор операцияны гана кечирип тим болуп калбайт. Алардын жан дүйнѳсү алмашып калат, баштагы мүнѳзүн жоготуп коёт. Менин жаным ушунча кейийт, кийин айыгып чыгып жатканда сүйлѳшкѳндѳ бала түп тамырынан ѳзгѳргѳн болот. Ал башкача болуп калат. Бул балада ѳмүр бою кала турган травма.

-Балдар ооруканасы азыркы заман талабына ылайык медициналык жабдыктар менен камсыз болгонбу? Бүгүнкү күндѳ сиздерге жетишпей жаткан, муктаждык жаратып жаткан эмне?

— Биздин оорукана балдардын түшкѳн санына карата, жамааттын билим-деңгээлине карата алдыңкы оорукана болуп саналат. Балдардын санын эле алып карасак жылына 165 миңден ашык бала түшѳт. Биздин ооруканада заманбап жабдыктар жетиштүү деңгээлде бар. Эң акыркы жабдыктарыбыз жѳнүндѳ айтсам, 2000-жылы Япониянын гранттык жардамына ээ болгонбуз. Операциялык столдорду, наркоздук аппараттарды, бронхоскоп, микроскоп, УЗИ, рентген аппараттарын алганбыз. Бул аппараттарды 16 жылдан бери аярлап, абайлап колдонуп келатабыз. Япониялык адамдар кийин келип таң калып кетишти. Биз бул аппараттарды 16 жылдан бери эки жолу алмаштырмакпыз деп. Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда Динара Зарлыковна Сагимбаева заманбап мыкты микроскоп алып берген. Ѳзгѳчѳ жаңы тѳрѳлгѳн ымыркайларга операция жасаш үчүн бул аппарат керек болчу. Ымыркайлардын ички органдарын ѳзүңѳр элестете аласыңар болуш керек. Бою 55 см келген наристелердин ичегиси жана башка органдары кандай ѳлчѳмдѳ болоорун. Бул микроскоп менен канчалаган наристелерибиздин ѳмүрүн сактап калып келатабыз. Шаардык мэрия тарабынан заманбап ультра үндүү аппарат алып беришкен. Мунун жардамы менен боюнда бар эненин ичиндеги баласынын ден соолугун аныктап коюу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Буюрса биздин оорукана жабдыктар боюнча алдыңкы катардабыз. Биздин бюджетибиздеги каражатыбыздын 70 пайызга жакыны айлыка кетет. Жаңы жабдык алганга каражат жетпейт. Биздин саламаттыкты сактоо тармагы ФОМСка ѳткѳнбүз. Ал жак бизди камсыздандырууну ѳзүнѳ алган.

— Коррупциянын тамыры кенен экен, ѳзгѳчѳ билим берүү системасына терс залакасын тийгизип жатат го. Дарыгер кесибин тандап алган адам кесибине олуттуу мамиле кылышы керек экенин, адамдын ѳмүрү анын колунда экенин билиши керек деп келебиз. Бирок ошол коррупция дарыгерлерди даярдоочу окуу жайларда ѳзгѳчѳ орногонун жакшы билебиз. Бул эмнеден кабар берет? Жаш дарыгерлерге болгон ишеним кетип, мамлекетибиздин медицина тармагы алсызданып, ага ишенбѳѳчүлүк коркунучу жаралбайбы?

— Мен бул суроого толук жооп бере албайм. Себеби мен ѳзүм да кафедрада лекция окуйм. Ал эми жаш дарыгерлер жѳнүндѳ айтсам, жаңы бүтүп жаткан студенттер башкача. Биз союз мезгилинде окуган адам катары ал кездин идеологиясына сугарылып чоңойгонбуз. Гиппократтын антын биринчи орунга коюп, акча үчүн эмес, ишибиздин жүрүшүнѳн ырахат алчубуз. Ал эми азыркы жаш дарыгерлер, жаңы окуу жайды бүткѳн дарыгерлер мындай эмес. Жакшы айлык тѳлѳп бербесе алар иштебейт. Замандын талабы анткени ошол. Бир чети алар туура кылышат. Айлык акынын аздыгы аларды чет жерге чыгып кетүүгѳ мажбур кылып жатат. Ошол себептен биз, мамлекет азыртадан жаш адистерди мамлекетте сактап калууну ойлонушубуз керек.

 — Эмгек жамаатыңыздардын ишмердиги, сиздердин оорукана жасаган илимий эмгектер тууралуу кеп козгой кетсеңиз?

— Биз окууга барганда шаардык оорукана гана болгонубуз менен биздин базада 4 кафедра бар. Кылган иштерибизди анализдеп, илимий иш жазган адистерибиз кѳп. Кемтик менен тѳрѳлгѳн наристелерди дарылоо жагынан жетишкендиктерибиз кѳп. Ѳзгѳчѳ кѳтѳн чучугу бүтүн, жүлүнү сыртында жайгашып тѳрѳлгѳн наристелерге оор операцияларды жасап жатабыз. Биздин оорукана тез жардам ооруканасы деп аталат. Бизде тез жардам бѳлүмү да бар. Андагы күзѳттѳ турган дарыгерлер да ѳз иштерин кынтыксыз аткарып келатышат.

Булак: «Факты.kg» гезити. №21 (21), 28-май, 2019-жыл.