Ысык-Көлдө унаа жолдон чыгып тосмого илинип калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 29-май күнү саат 12:07 чамасында Жыргалаң-Каракол унаа жолунун Жыргалаң айылында болгон. Анда Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, тосмого илинип калган.
Унаанын ичинде 5 адам болгон. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.
КР ӨКМнин Тоо-кен куткаруу кызматынын №7 Өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары унааны жолго чыгарып беришкен.