-Абдывахаб мырза, жаш ишкер Токтогазиевге эл ишеними арбып, анын министр болуп келишин каалап жатышкан. Бирок, Абылгазиев аны эмес, Чодуевди алып келди, сиздер колдоп бердиӊиздер. Бул жерде кандай саясат жүрдү деп ойлойсуз?
— Ооба, аргасыз иш болуп калды. Мен комитетте Абылгазиевге «Токтогазиев деген жаш бала чыгып, коомчулуктун назарына түшүп жатат, эл андан жаӊы нерсени күтүп жатат»десем, «ал бала жашыраак экен, биз аны колдонобуз, иш беребиз» деди. Азыр эми орун басары министр болуп келди. Мен билем, мурунку система өзгөрбөйт. Айыл чарба министрлигиндеги департаменттин жетекчисин премьер-министр дайындайт экен. Министрдин колу-буту байлануу, эч нерсе кыла албайт. Бир нерсе кылуу үчүн жаш, креативдүү ойлонгон мыкты команда келиш керек болчу.
Мындайча айтканда, бул министрликте жаӊылануу, күтүү үмүттөрү менде жок, кыскасы.
— «Абылгазиевди кетиребиз» деп келип эле басылып калуунун себеби эмнеде жатат?
— Ооба, биз депутаттар дагы анын кетишин көтөргөнбүз. Чек ара маселеси боюнча эки ай мурун Жогорку Кеӊеште кабыл алынган токтомдун бир дагы пункту аткарылган жок. Өзү жок болуп калып, кийинки отурумга калтырдык. Эми «КТ Мобайлдын» айланасындагы ишти иликтеген комиссиянын жыйынтыгына жараша отставкасы каралат. Отставка маселеси дагы деле күн тартибинде. Анткени, бир нече факторлор ачыкка чыкса, премьердин кызматта калганга моралдык укугу деле калбай калат. Ал маалыматтар «каржылык махинациялар» делип жатат.
Булак: «Азия news» гезити. №21 (308). 30-май, 2019-жыл