Бишкек шаардык соту бүгүн, 31-майда Бишкек ЖЭБиндеги кырсык боюнча ишти карап, айыпталып жаткан жети адамдын ичинен төртөөнү сот залынан бошотту. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.
«Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурунку орун басары Кенжебек Боркоев үч жылдык сыноо мөөнөтү менен 7,5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Мындан тышкары ал мамлекеттин пайдасына 300 миң сом айыппул төлөйт. Бул тууралуу аталган иш боюнча айыпталып жаткандардын адвокаты Учкун Каримов «Азаттыкка» билдирди.
Ошондой эле «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын төрагасынын мурунку орун басары Нурлан Садыков менен Бишкек ЖЭБинин мурдагы техникалык инженери Нургазы Курманбеков 220 миң сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин мурдагы орун басары Нурлан Өмүркул уулу сот чечими менен 300 миң айып төлөй турган болду.
Булардын баары сот залынан бошотулушту. Алар өздөрүнө тагылган айыпты мойнуна алып, тергөө менен кызматташууга макулдук беришкен.
Ал эми «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Узак Кадырбаев, Улуттук энергохолдинг ишканасынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Биримкулов өздөрүнө тагылган айыпты мойнуна алышкан эмес. Алар түрдүү мөөнөттө абакка кесилишкен.
Бишкек ЖЭБин оңдоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, экс-өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, экс-депутат Осмонбек Артыкбаев, экс-мэр Салайдин Авазов камалышкан. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында.