Президент Сооронбай Жээнбековго айланасындагы кеңешчилери кандай кеңеш берип жатканы белгисиз. Бийликтин тагдыры уламдан улам татаалдашып баратат. Учурда кыйын абалга кептелди.
Экономика, социалдык маселелер каралбай калды. Күндѳн-күнгѳ нааразычылык күчѳп, карапайым адамдар кыйналышты. Ѳлкѳнү ойлогон бирѳѳ жок. Жээнбеков кошоматчылардын курчоосунда калды. Ѳкмѳттүн кебетеси деле жыргатарлык эмес. Азыркы бийлик турганда жоопкерчиликти алгандан коркуп, бир топ министрлер ѳз каалоолору менен кызматтарын таштап кетишти. Укук коргоо органдары экс-президент Алмазбек Атамбаевди жана анын командасын аңдуулар менен гана алек болууда. Бул жагдай саясий абалды ого бетер чыңалтууда. Ал эми президентти кошоматчылары айланчыктап алышып, Жээнбековду жаңылышууга түртүп жатышат.
Бүгүн президент кошоматчылардын курчоосунда калды дегенге толук негиз бар. Кечээ «Азаттык» радиосу Раим Матраимов жана анын бир туугандарына тиешелүү коррупциялык схеманын бетин ачкан журналисттик иликтѳѳсүн жарыялашты. Анда Матраимовдор чет элдик жарандар менен кызматташып, ѳлкѳдѳн 700 миллион АКШ долларын чыгарып кеткенин далилдүү документтер менен кѳрсѳтүп беришти.
Мындан улам, коомчулук дүрбѳп, «эгер Жээнбеков бул иште ак болсо, Матраимовдордун коррупциялык схемасына тиешеси жок болсо, тез арада чечкиндүү кадамдарга барып, кылмыш ишин козгоо боюнча укук коргоо органдарына тапшырма берет» деген пикирлерин жазышууда. Эгер, «Матраимовдор менен Жээнбековдордун кланы бул схемада иш аракеттери чогуу болсо, анда «Азаттыктын» иликтѳѳсүнѳн эч жыйынтык чыкпайт» деген тыянакка келип жатышат.
Ансыз да мамлекетти башкарган бийлик башындагылардын бир жарым жылдан бери кызматка келип бүтѳ албай жаткан куда-сѳѳк, бажа-балдыз, күйѳѳ бала дегендеринен эл аябай тажады жана чарчады. Бир жарым жылдын ичинде Кыргызстан куда-сѳѳктѳрдүн курчоосунда калганы ырас…
Булак: «Ачык саясат» гезити. №20 (363). 31-май. 2019-жыл.