Ушул жылдын 2-июнь күнү Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында 2016-жылы туулган К.Т. аттуу жаш бала дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 4 куткаруучу, КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана РИИБден 6 кызматкер тартылган.
Кеч киргенине байланыштуу саат 20:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон жок.
Бүгүн, 3-июнь күнү издөө иштери улантылат.