Орозо Айт дүйнө элинде кантип майрамдалат?- кызыктуу макала

Автор -
739

Ислам шариатында Рамазан айынын башталуусу жана аяктоосу жаңы чыккан айдын кѳрүнүүсүнѳ карап аныкталат. Рамазан айы 30 же 29 күн болот. Пайгамбарыбыз ѳз сѳзүндѳ: «Айды кѳрүп орозо кармагыла жана айды кѳрүп оозуңарды ачкыла. Эгер күн бүркѳк болуп силерге ай кѳрүнбѳй калган болсо, айда отуз күндү толуктагыла»,- деген. Рамазан айынын ыйыктыгы — ыймандын тазалыгына умтулуу, муктаждарга кол сунуу! Бул ыйык айда адамдар орозо кармап ѳзүнүн, үй-бүлѳсүнүн, жакындарынын жакшылыгы үчүн ниет кылат, бири-бирине аруу тилектерин арнайт. Орозо айы сабырдуу, кайрымдуу, кечиримдүү болууга тарбиялайт. Ушундай ыйык максаттар менен бул айды да баштан кечирип, Орозо айт майрамын тосуп алууга саналуу гана күндѳр калды.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечиминин негизинде Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы 2019-жылдын 5-июнь шаршемби күнүн Орозо айт деп белгиледи. Орозо айттан бир күн мурда арапа делип, сѳзсүз жыт чыгарып боорсок бышырылып, кээ бири бу дүйнѳдѳн кѳзү ѳткѳн жакындарына багыштап куран окутуп мал союшат. Орозо айтта эркектер аянтта, мечиттерде окулган айт намазга барып жамаат менен дуба кылышат. Айтор ар ким колунан келишинче дасторкон жайып, эшик ачык болуп, кошуна-колоң, тууган-урук айылчылап, кыдырышып майрамдашат. Чындыгында Орозо айт айылда ѳз жѳрѳлгѳлѳрү менен кызыктуу жана таасирлүү ѳтѳт. Ал эми тѳгѳрѳктүн тѳрт бурчунда жашаган мусулман бир туугандар кандай майрамдашат деген суроо кызык болсо керек.

АКШ

Америкада жашаган мусулман бир туугандар бул күнү мечиттерде, Ислам борборлорунда же эл кѳп чогулган ачык жайларды белгилешип чогулуп айт намазын окушат. Айт намаздан кийин Ислам борборлорунда, же мечитте, чакырылган үйдѳ майрамдык дасторконго отурушат. Бул күнү балдар ата-энесинен белек алышат, студенттер окуусунан уруксат сурашат. Таттуу-тарапа, түрлүү даам менен бири-бирин сыйлашат. Дал ушул күнү садака чогултулуп, муктаждарга таратылат.

ЕГИПЕТ

Башка мусулман ѳлкѳлѳрүндѳй эле Египетте да ид-аль-Фитр үч күн майрамдалат, ал күндѳрү мектеп, окуу жай жана мамлекеттик мекеме-ишканалар эс алуу жарыялайт. Айт намаздан кийин эркектер үйүнѳ кайтып үй-бүлѳсүн, жакындарын куттукташат. Туугандар, достор, жакшы санаалаштар бул күнү бири-бирине белек, таттууларды тартуулашат. Айрыкча балдарга акча, оюнчук же кийим беришет. Майрамдык дасторкондогу негизги даам — балык болот.

САУД АРАВИЯ

 Сауд Аравияда ѳзгѳчѳ салт бар — ид-аль-Фитр убагында борбордук чоң кѳчѳлѳргѳ килем тѳшѳп, жашоочулар ар түрдүү даамдарды кѳтѳрүп келип килемге коюп ѳткѳн-кеткендерди, айт намазга келгендерди сыйлашат. Бул майрамга бул ѳлкѳнүн жашоочулары ѳзгѳчѳ даярданып, үйлѳрүн кооздоп, меймандостук менен марттык кыла аянбастан конок чакырышат. Адатта, айт намаздан кайткандан кийин үй-бүлѳ мүчѳлѳрү бир дасторконго чогулуп, балдар улуулардан салт болуп калгандай белек алышат. Кайрымдуулук иштери арбын аткарылат. Кээ бир колунда барлар азык-түлүк салынган баштыктарды жетишпеген муктаждарга, багар-кѳрѳрү жок улгайган адамдар жашаган үйлѳрдүн дарбазасына жарыя кылбай эле илип кете беришет.

ТҮРКИЯ

Түркияда Орозо айт «Шекер Байрам» деп ѳзгѳчѳ аталат. Бул майрамда баклава, лукум, шоколад сыяктуу таттуулардын кѳп түрүн даярдашат. Бул ѳлкѳдѳ да үч күндүк эс алуу жарыяланат. Майрам түрк салтынын негизинде ѳткѳрүлѳт, ѳзүлѳрү белгилегендей жаңы, жасалгалуу «байрамлык» кийим кийишет. Кѳзү ѳтүп кеткендердин күмбѳзүнѳ барып, куран окуп келген да жѳрѳлгѳ унутулбайт.

ИНДОНЕЗИЯ ЖАНА МАЛАЙЗИЯ

Азиянын Түштүк-Чыгышында, Индонезия менен Малайзияда Орозо айт дээрлик окшош майрамдалат. Индонезияда «Лебаран», же ид-аль-Фитр деп аташса, Малайзияда «Хари Рая Айдильфитри» деп аталат. Майрам үч күнгѳ созулат. Мусулмандар айт намаздан үйгѳ келгенде эң биринчи жакындарынан, улуулардан кечирим сурашат. Бул салт Малайзияда «Балик кампунг» деп айтылат. Ѳзгѳчѳ жана кызыктуу майрамдык жѳрѳлгѳ – миң катмардан турган торт бышыруу. Садака адатта таң эртеден түшкѳ чейин муктаж, жетишпеген колу жука адамдарга таратылат.

АФГАНИСТАН

Афганистанда Орозо айт майрамы балдардын майрамы катары белгиленет. Кѳпчүлүк ата-энелер майрамдын урматына балдарына кызыктуу жана ѳзгѳчѳ белектерди камдашат. Майрамдык дасторкондун ѳзгѳчѳлүгү — жергиликтүү жашоочулар атайын бул майрам үчүн картошка, ашкабак же шпинатты начинка кылып «болани» же жука нан бышырышат.

ГЕРМАНИЯ

Германиянын кичинекей шаары Лейпцигде жергиликтүү мусулмандар таң эрте айт намазга чогулушат, андан кийин кыдырып чай ичишет, бири-бирин чакырып айылчылашат. Кайрымдуулук багытында уюшулган мекеме-борборлор лагерь, интернатта жашагандарга азык-түлүк жет-киришет. Айрым бирѳѳлѳр күн мурун  Ачык эшик күнүн жарыялап, тааныган-тааныбаганына карабай дасторконго отургузуп сыйлап алдына даам коет.

СИРИЯ

Ѳлкѳдѳгү туруксуздук жана катаал согуштук кырдаалга карабай жергиликтүү тургандар үй-бүлѳсү, жакындары менен чогуу ид-аль-Фитрди майрамдаганга даярданышат. Сирияда да башка ѳлкѳлѳрдѳгүдѳй эле негизги кѳңүл буруу балдарга арналат, башкача айтканда, чоңдордон белек алышат, топ-топ болуп селкинчек тээп, таттуулар менен сыйланышат. Майрамдын алдында чоң шаарларда жармаңкелер уюштурулат. Буудай акшагы кошулуп бышырылган «Мамоуниа» десерти менен майрамдык дасторкон ѳзгѳчѳлѳнүп турат.

ИНДИЯ, ПАКИСТАН ЖАНА БАНГЛАДЕШ

Азиянын чыгыш ѳлкѳлѳрүндѳ да Орозо айт же ид-аль-Фитр үч күнгѳ уланып, дем алыш болот. Ошондуктан шаардыктар кичи мекенине, айылына барып, жакындары менен чогуу тосууга абдан ынтызар болушат. Айттан мурунку түндү «Чаанд Рааат» — «Ай түнү» деп аташат. Дүкѳн кыдырып, белек тандоо, жаңы кийим сатып алуу түйшүгү майрамдык даярдык деп бааланат. Майрамдык жѳрѳлгѳ боюнча, айымдар буту-колун хна менен боеп, билегине ачык түстѳгү билерик салынышат. Индияда мусулмандар бул күнү «Ид мубарак» деп саламдашат. Бул ѳлкѳлѳрдѳ да майрамдык дасторкондо сѳзсүз вермишель, сүт жана кактардан даярдалган «Сивай-йян» таттуусу болот.

 Булак: «Шамбала». № 12 (297). 2019-жыл.