Тажикстанда бир суткада жети айлык нормадагы жаан жаады

Автор -
240

Тажикстанда бир суткада жети айлык нормадагы жаан жаады. Метеорологдордун билдиришинче, мындай көрүнүш акыркы 90 жылдан бери кайталана элек болчу. Адатта нөшөрлөгөн жамгыр май айында токтоп, жайында көбүнчө өткүн өтөт.

1-июндан бери катуу жааган жамгырдан улам Хуросон районунун Бандар айлында сел жүрүп, 18 жаштагы жигит мерт болду.

Ондогон короо-жай суу алдында калды, айылды Бохтар-Душанбе жолу менен бириктирген көпүрө жарым-жартылай талкаланды.

Восе районунда 400дөн ашуун турак-жай суу алдында калды.

Сел жүргөн аймактарда аскер кызматкерлери жана куткаруучулар иштеп жатат. Алар үйгө кирген сууну сордурууга, баткакты тазалоого жардам беришүүдө. Жабыр тарткан тургундарга компенсация төлөнөр-төлөнбөсү белгисиз. Муну атайын түзүлгөн комиссия чечет.

Бөлүшүү