Быйыл Орозо айт качан болору маалым болду

Автор -
911

Быйыл Орозо айт 2018-жылдын 15-июнунда белгиленет.

Муфтияттан билдиришкендей, мындай чечим Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн «Рамазан айынын башталышын жана Орозо, Курман айт күндөрүн тактоо» темасынын алкагында Өзбекстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты. Анда Орозо айтты 15-июнда белгилөө чечимин кабыл алышты.

Орозо айт майрамы ыйык Рамазан айынын аякташын билдирет.

Эскерте кетсек, Кадыр түн Кыргызстанга 11-июндан 12-июнга караган түнү болот.

Бөлүшүү