Түп районунда 6 жана 4 жаштагы ага-ини муздаткычка камалып каза болду

Автор -
451

Түп районунун Михайловка айылында 6 жана 4 жаштагы ага-ини эски муздаткычка камалып каза болду. Бул тууралуу turmush.kg агенттиги жазып чыкты.

Окуя 3-июнь күнү болгон. Эки бир тууган үйдүн короосунда турган эски муздаткычтын ичине ойноп кирип, кайра чыга албай, тумчугуп калышкан.

Каза болгон балдар — М.Д. жана М.Н. экени аныкталган. Алар 2013-жылы жана 2015-жылы төрөлгөн.

Михайловка айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, алгач балдарды болжол менен 150гө жакын айыл тургундары 6 саат издешкен.

Каза болгон балдар үй-бүлөнүн улуусу болгон. Алардын 6 айлык карындашы бар.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганын билдирди.

Саат 11:50дө жергиликтүү тургундар — 28 жаштагы Р. жана анын жубайы — 27 жаштагы Ю. үйдүн короосунда ойноп жаткан балдарын издеп башташкан. Саат 17:00 чамасында гана бир тууган балдар СССР убагында чыгарылган эски муздаткычтан табылган. Муздаткыч ичинен ачылбай турганы белгилүү болду.

Каза болгон балдар облустук ооруканага жеткирилген жана ал жактан бир туугандардын каза болгонун айтышкан. Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары каттады.

Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы окуя болгон жерден видео таратуу фактысы боюнча ички текшерүү иштери башталганын билдиришти.