Абдраимов өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берди (Видео)

Автор -

Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов облустук администрацияга чогулган активисттер жана журналисттер менен жолугуп, өзүнүн кабарчы кызга карата сүйлөгөн сөзү тууралуу комментарий берди.

— Мен барсам чын эле 3-4 үйдүн терезеси сынган экен. Камалган балдардын ата-энелери менен сүйлөштүм. Таяк жеген 2 баланын сүрөтүн көрсөттү «Ватсаптан», чын эле уруп, мээси чайкалыптыр. Бирок операция болгон эмес. Кайра келатсам прокурордой болуп алдыман чыгып «кайда жүрөсүз, эмнеге кечиктиңиз» деген тон менен суроо берди. Бир сары кыз экен. Мен да айттым, этикасы жок кызга ошондой жооп бердим. «Апрель ТВга» бердим, «Ала-Тоо 24кө» бердим. Тиги кызга айттым, «сага бербейм, кое тур» деп. Мага кандай кайрылса, ошондой жооп бердим. Ал мага орой түрдө суроо узатты, — деди Абдраимов.

Абдраимов суроо берген журналисттерди «атайын чагым кылууга аракет кылып жатасыңар» деп сынга алды.

Абдраимов кечирим сураган жок жана журналисттер менен талашып-тартышкан соң залдан чыгып кетти.

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, облус башчысы Туйгуналы Абдраимовду айыптап жатышат.

Буга анын кечээ 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдыруу үчүн барган журналист кыздардын бирине орой мамиле кылып, “Сиздин жүзүңүз мага жакпай турат” деп келеке кылганы себеп болду.

Коомдук активисттер мамлекет өкүлүнүн мындай сөздөрүнө жана мамилесине мыйзамга жараша баа берилиши керек деп жатышат.

Бөлүшүү