Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитине катышуу үчүн Бишкекке 11 өлкөнүн башчысы келет. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
[ads-quote-center cite=’келет деди ал.’]«Саммитке Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын башчылары келет деп пландап жатабыз. Мындан тышкары, байкоочу мамлекеттерден Ооганстан, Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери»[/ads-quote-center]
Жыйындын соңунда 20га жакын биргелешкен документке кол коюлат.
Саммит 14-июнда өтөт, 13-июнда кечинде коноктор үчүн гала-концерт жана көркөм өнөр көргөзмөсү уюштурулат.