Нарында тоого эс алганы чыккан 2 адам адашып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-июнь күнү саат 00:15те Ат-Башы районунун Чаар жайлоосунда 1985-жылы туулган А.З. жана 2006-жылы туулган З. у И. тоого эс алганы чыгышып, кеч киргенине байланыштуу жолун таппай адашып калышкан.
Жерине КР ӨКМнин №45 ӨКБнин 5 куткаруучу тартылып, саат 04:00дө адашып калган жарандарды табышып алып келишкен.