Бишкектин айрым райондорунда 4 күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт (тизме)

Автор -

Бишкектин айрым райондорунда 4 күн бою жаратылыш газы берилбейт. Бул тууралуу  “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаратылыш газы өчүрүлүүчү аймактардын тизмеси:

— 17-21-июнда Бишкек шаарынын М. Джалиля, Чебоксарская көчөсүндө;

— 19-20-июнда  Маевка айылынын  Южная көчөсүндө;

— 19-20- июнда Бишкек шаарынын 7 апрел – Ахунбаева көчөлөрүндө;

— 17-19-июнда Аламедин айылынын МТФ районунда;

— 18-19-июнда Кадамжай шаарында;

—  21- июнда саат 9:00 -17:00 чейин Айдаркен айылында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.