Украина президенти Владимир Зеленский Мариуполь шаарында сүйлөп жатканда аны элдер куурчап алган.
Ал Театралдык аянтында сүйлөп бүтүп, ошол жердеги Драма театрына барыш керек болгон. Бирок жергиликтүү элдин курчоосунан чыга албашына көзү жеткен Зеленский унаасын көздөй фонтанды аралай чуркаган. Анын артынан жан сакчылары кошо чуркаган.
Маалыматка ылайык, Мариуполь шаарында 30 градус жылуу болгон.