Гүлнара Каримованын кызы өзбек бийлигине кайрылды

Автор -

Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун 21 жаштагы небереси Иман Каримова «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) башчысына кайрылды.

Анда камактагы апасынын саламаттыгы күн сайын начарлап жатканына карабастан, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй, басым болуп жатканы жазылган.

«Апамдын кан басымы жогору экендиги тууралуу анализдерге карабастан, көптөгөн текшерүүлөр болуп жатат. Абактын жетекчиси башкы прокуратура кызматкерлеринин көзөмөлү менен апама моралдык жана физикалык запкы көрсөтүп жатат»,
деп жазган Иман Каримова УКК жана Башкы прокуратуранын жетекчилерине жолдогон билдирүүсүндө.

Быйыл мартта Зангиата абагына барып Гүлнара Каримова менен жолугуп чыккан швейцариялык адвокат Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) ал дайыма психологиялык басым алдында жүргөнүн, аны түрмөдө дарылатпай жатышканын маалымдаган. Өткөн жумада өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул маалыматтарды четке кагып, Каримованын абалы жакшы экенин жана зарыл болсо медициналык жардам көрсөтүлө турганын билдирген.

Гүлнара Каримова 53 миллион доллар өлчөмүндөгү каржылык кылмыш боюнча айыпталып, 2017-жылы декабрда 10 жылга соттолгон. Кылмыш иши атасынын көзү тирүүсүндө 2013-жылы козголуп, Каримов каза болгондон кийин 2017-жылы декабрда соттун өкүмү чыккан. Гүлнара Каримова салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, опузалоо жана офшор компанияларынын документтерин жок кылуу боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийин Ташкенттин облустук соту жазаны беш жылдык үй камагына өзгөрткөн.

Быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги түрмөгө которулганын билдирген.

Бөлүшүү