Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев ѳткѳн май айынын этегинде бир мыйзам долбоорун сунуштады. Тактап айтканда Байпакбаев сунуштаган долбоор боюнча айта турган болсок, 21-майда Жогорку Кеңеште «КР Салык кодексине ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу ѳттү.
Мыйзам тили менен айтканда түшүнүктүү болбой калышы мүмкүн, бул себептен Экмат мырзанын «табылгасы» дейбизби, «особый мыйзамы» дейбизби, айтор ошол мыйзам сыяктуу «немесин» түшүнүктүү тил менен айта кетели. Экмат Жүрүкбаевичтин ою боюнча Кыргызстанда ѳндүрүлгѳн пиво продукцияларына акциздик марка киргизишибиз керек экен. Ушул жол менен контрабанда жолу менен сырттан кирип жаткан пиволорго чектѳѳ киргизсек болот деген логиканы айтты. Логика болбосоң кое кал!
Бирок, ал тууралуу жетиштүү аргументтер менен түшүндүрѳ алган жок. Ыя, айланайын бул Экмат Байпакбаев деген депутат сѳрѳйдүн атамекендик ѳндүрүшчүлѳрдү колдогондун ордуна аларга бут тоскон мыйзам долбоорун сунуштаганы кандай? Акциздик марка киргизсек эле контрабанда кан буугандай токтойт деп эч ким кепилдик бере албайт да.
Бул мыйзамдын түпкүлүгүнѳ үңүлсѳк жертиликтүү сыра ѳндүрүүчүлѳргѳ кызылдай эле бут тосуу болуп атпайбы? Акциздик марка кирген күндүн эртеси ата мекендик ѳндүрүшчүлѳр чыгарган сыра кымбаттайт. Пиво кымбаттаса элдин чѳнтѳгүнѳ күч келип, пивонун ѳтүмү тѳмѳндѳйт. Сатуунун кѳлѳмү азайса мамлекеттик казынага түшкѳн салыктын кѳлѳмү дагы тѳмѳндѳйт. Болжолдуу маалымат менен айта турган болсок, ѳлкѳбүздѳ ѳндүрүлгѳн «Арпа», «Абдыш-Ата» жана «Топоз» деген сыра ѳндүрүшчү 3 ири завод жылына болжолдуу 600-700 миллион сомдун тегерегиндеги салык тѳгүшѳт. Анын кѳлѳмү ылдыйлап кетсе салыктын азайган кѳлѳмүн мамлекетке Экмат Байпакбаев чѳнтѳгүнѳн тѳлѳп береби?
Ошол эле учурда азыр ѳлкѳбүздѳгү ири сыра ѳндүргѳн заводдордо камералык кѳзѳмѳл бар, канча сыра чыгып атат, кандай чыгып атат онлайн кѳзѳмѳлдѳ тиешелүү тармактар карап олтурат. Демек, баарын ачык-айкын кѳрүп олтуртан соң алардын ишине тоскоолдук жаратуунун кажети барбы? Акциздик марка киргизүү бул кайсы бир тараптын кызыкчылыгын коргоо деп түшүнсѳк болот. Байпакбаев кимдин «музыкасына» бийлеп жатты болду экен?
Эгерде, Жүрүкбаевич кимдир бирѳлѳрдүн кызыкчылыгын коргоп жаткан болсо ѳтѳ жаңылышат. Болбогон бир 20-50 миң АКШ доллары үчүн ата-мекендик сыра ѳндүрүүчүлѳрдүн ишине бут тосконуңузду сездиңиз бекен, Экмат мырза? Жеутурумдук кызыкчылык сиз үчүн бийикпи? Ата мекендик ѳндүрүшчүлѳрдү коргогондун ордуна жонунан кайыш тилген мыйзам долбоорун сунуштаган депутатты эмне деп аташты билбей турубуз. Акыл калчап ойлонуңуз Экмат Жүрүкбаевич!
Ал эми Жогорку Кеңеште бул тармакты тескеген Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин тѳрагасы Салайдин Айдаров ата мекендик ѳндүрүшчүлѳрдү колдоого алып, жогорудагы мыйзам долбоору боюнча калыс пикирин карманат деген ишеничтебиз. Дегенибиз, Салайдин мырза ѳлкѳнүн ѳндүрүшүн мыкты түшүнгѳн, аларды ар тараптан колдоого алып келген инсан эмеспи.
Байпакбаевдин жеке кызыкчылык менен сунушталган мыйзамын комитеттин тѳрагасы катары Айдаров артка кайтарат деп ойлойбуз…
Булак: «Dе-факто» гезити. 14-июнь, 2019-жыл.