Ысык-Ата районунда каналдан белгисиз адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 19-июнь күнү саат 10:45 чамасында Кант шаарында Чоң-Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына келип түшкөн.
Жерине КР ӨКМнин №27 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, суудан болжол менен 35-40 жаштагы азиат улутундагы эркек кишинин сөөгүн чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.