Буга чейин миллионер атыккан Раим Матраимов «Супер инфо» гезитин жана «SUPER.KG» сайтын сатып алганы айтылган. Айрым булактар гезит менен сайт жалпы 6 миллион долларга бааланганын айтышууда.
Дагы башка маалыматтарга караганда, Матраимов мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Нурлан Шакиев жетектеп жаткан «New ТVнын» эфирдик убактысын, журналист Султан Каназаровдун «SLon.kg» жана «Акча бар» сайтын сатып алганын билдиришүүдө.
Ал эми жакында коомчулукка белгилүү болгондой «Азаттык» Матраимовго байланышкан «миллиондордун изи менен» деген иликтөөсүн чыгарган. Арадан көп өтпөй 5-канал «Азаттык» иликтөөдө көрсөткөн документтер жасалма экенин көрсөткөн иликтөөсүн жарыялап Матраимов ак экенин далилдөөгө далалат урду.
Кызыгы, ошого удаа эле жеке тарапка сатуу боюнча Жогорку Кеӊешке өкмөт тарабынан сунушту. Буга каналдын Кыргыз телекомго болгон карызы себеп болгон. Бирок интернет колдонуучулар аталган канал Матраимовго сатылаарын жазышууда.
2018-жылдын май айында да депутат Дастан Бекешов аталган каналды парламенттик-канал деген статусунан ажыратууну сунуштап чыккан. Бирок эл өкүлдөрү колдоодон баш тартып койгон эле.
Булак: «Ачык саясат» гезити. 21-июнь, 2019-жыл.