Кримтөбөл, «мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга, 22-августка чейин камакка алынды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, чечимди 22-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Буга чейин жергиликтүү басылмалар Жапар Эрматов үй камагына бошотулганын жазып, бирок ИИМ аны четке каккан.
Быйыл майда Башкы прокуратура Жапар Эрматов жөнүндө материалдар 335-берене («Көз көрүнөө калыс эмес өкүм же башка сот актысын чыгаруу), 319-берене («Коррупция») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын кабарлаган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.
Эрматов Нарын шаардык сотунун судьясы болуп иштеп жатканда, 2013-жылдын 9-апрелинде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Батукаевдин оор дарты тууралуу материалдарын кылдат иликтебей туруп аны канааттандырып, кримтөбөлдүн Кыргызстандан чыгып кетишине шарт түзгөн деп айыпталууда. Анын чечиминен кийин кримтөбөл токтоосуз Кыргызстандан Орусияга чыгып кетип, сегиз жыл үч ай жети күндүк жаза мөөнөтүн өтөбөй калган.
Эрматов Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткенден үч жылдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Нарын район аралык сотунун судьясы болуп дайындалганы маалым.
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан кылмыш иши быйыл жыл башында жанданып, ондон ашык киши кармалган.