Саламаттыгына байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган экс-башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянова өпкөсүн дарылатып жатат. Бул тууралуу анын тууганы Чынара Турдалиева «Азаттыкка» билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер мурдагы башкы прокурорго жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюшкан.
Азыр ал палатага которулуп, медицина кызматкерлери анын өпкөсүн жасалма аппарат менен дарылап жатышат.