Финансылык полициянын майору 5000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Автор -

Бишкек шаарынан 70 миң сом өлчөмдөгү пара алып жаткан учурунда КР Өкмөтүнө караштуу ЭККМК тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы,финансылык полициянын майору «А.Ж.» кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  кармалган «А.Ж.» КР аймагында иш-аракеттер менен алектенген ишкердин мыйзам бузууларына байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүк материалдар боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга коркутуу жолу менен 5000 (беш миң) АКШ доллар өлчөмүндөгү пара талап кылган.

Опузалап пара талап кылуу боюнча материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (Пара талап кылуу) фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.