Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча маселени бүгүн карайт (түз эфир)

Автор -

Жогорку Кеңеш мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча маселени бүгүн карайт .

Жогорку Кеңештин «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевди статустан ажыратуу жөнүндө» токтом долбоору күн тартибине бешинчи маселе болуп кирди.

Алмазбек Атамбаев экс-президенттер тууралуу жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу 25-майда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагалыгынан жана курамынан кеткен. Экс-президент мындан тышкары партиянын саясий кеңешин жетектөөдөн да баш тарткан.

Жогорку Кеңеште Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, 18-июнда корутунду чыгарган. Депутаттык комиссиянын корутундусу 20-июнда парламентте жактырылып, Башкы прокуратурага жиберилген. Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган алты дооматтын бешөөнү негиздүү деп тапкан.

Бул маселе эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылып, добуш берилиши керек. Атамбаедин кол тийбестиги алынышы үчүн 120 депутаттын 80ден ашыгы добуш бериши керек.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү