Оомал-тѳкмѳл дүйнѳнүн оош-кыйышында, ысык-суугунда чайпалса да бѳксѳрбѳй, каардуу капсалаңдарда, оор согуштарда чабылса да чачылбай, улуттуулугун жоготпой, кыргыздар нечен кылымдан бери түндүгүнѳн түтүн булатып келгeнине карт тарых ѳзү күбѳ.
Бул тарыхый чындык. Албетте, мунун ѳзѳгү- кыргыздын каада-салтын, нарк-насилин, үрп-адатын, тилин, дилин жоготпой, башка элдерге сиңдирбей, ушул заманга чейин жеткирген ата-бабаларыбыз болгон.
Эгерде ошондо алардын жүрѳгү «кыргыз» деп сокпогондо, ал кездеги эл башындагылар, (элиталар) азыркыдай саткын, дүйнѳкор, чыккынчы болгондо, кыргыз ошондо эле жок болмок, кыргыз деген улут жок болмок. Кыргыз деген улут жок болсо бүгүнкү Кыргыз мамлекети да түптѳлмѳк эмес…
Тилекке каршы, эгемендүүлүккѳ ээ болгондон бери Кыргызстандын бийлик элитасы жѳнѳкѳй маселеге да түшүнүгү жетпей келе жатат. Мамлекеттүүлүктүн ѳзѳгүн түзгѳн ѳзѳк улут болоруна кѳпчүлүгүнүн акылы али да жетелектей.
Кыска ой жүгүртүнүн, тар түшүнүктүн, жеке кызыкчылыктын чеңгелинен чыга албай, алакандай ѳлкѳбүздү бѳтѳндѳргѳ, бузукуларга талатып-тонотуудабыз. Эки жолу тѳңкѳрүш болду, бирок улуттук саясат жок.
Баягыдай эле башкаларга «малай» же «кул» болуп отургандай абал…
Булак: «Айгай» гезити. 28-июнь, 2019-жыл.