Сокулукта 62 жаштагы аял каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМге Күн-Туу айылындагы “Быстроток” каналына 1957-жылы туулган аял түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 4 куткаруучу тартылып, саат 12:33тө маркумдун сөөгүн каналдан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.