Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага жетти (Видео)

Автор -

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына аман-эсен жетип алышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Зыяратчыларды Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын өкүлү Султаналы ажы Гапыров тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырды.

Белгилей кетсек, 16-июлдан 17-июлга караган түнү Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу  Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарына учушкан.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү