Түштүк Корея Орусияны аба мейкиндигин бузууга айыптады

Автор -

Орусиялык аскер учактары 23-июлда Жапон деңизинин үстүндө Түштүк Кореянын аба мейкиндигин бузду. Бул тууралуу Yonhap агенттиги өлкөнүн коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Түштүк кореялык аскерлердин маалыматына караганда, орусиялык бомбалоочу учак Корей жарым аралынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Токто аралдарында эки жолу чек араны бузган. Арал – Сеул менен Токионун ортосундагы чыр-чатактын бутасы. Эки жолу тең учуулар үч мүнөткө жеткен. Түштүк кореялык истребителдер эскертүү иретинде ок атышкан.

Орусия Коргоо министрлиги Ту-95МС бомбалоочу учагы Түштүк Корея аба мейкиндигин бузбаганын жана эл аралык эрежелерди сактаганын билдирүүдө. “Интерфакс” маалымдагандай, түшүк кореялык истребителдер эскертүү иретинде ок аткан эмес.

Yonhap агенттиги орусиялык аскер учактары Түштүк Кореянын аба мейкиндиктерин өтө сейрек бузарын белгиледи. Акыркы жолу 20-июнда эки орусиялык учак Түштүк Кореянын абадан коргонуу аймагына кирип кеткен.