Жеңиш Разаков Баткен облусундагы учурдагы кырдаал менен таанышты

Автор -

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Баткен облусуна барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кечээ болуп өткөн окуяга байланыштуу учурдагы кырдаал менен таанышты.

Жеңиш Разаков Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен чукул жыйын өткөрдү.

Мындан тышкары чатакта жабыр тартып, Баткен ооруканасында жаткан жарандардан кабар алды. Учурда алардын абалы туруктуу.

Вице-премьер-министр ошондой эле Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин жана медресенин имаратында убактылуу жайгаштырылган Аксай айылынын 315 тургуну менен жолугушуп, алардын жашоо шарты менен таанышты. Айылдын жашоочуларына тиешелүү гуманитардык жардам жана колдоо көрсөтүлүп жатат.

Жеңиш Разаков тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына  Баткен облусунун аймагында жана чектеш аймактарда коопсуздукту, укук тартибин камсыздоо иштерин күчтөндүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары Аксай айылынын эвакуацияланган жашоочуларын, ошондой эле жапа чеккендерди зарыл дары-дармек, азык-түлүк, керектөө буюмдары, кийим-кече менен камсыздоо милденттендирилди.

Эске салсак, 22-июлда саат 17.20да Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырдын чыгышына Ворух (ТР) айылынын жашоочуларынын айылдын кире беришине желек орнотуусу себеп болгон. Аксай айылынын жашоочулары флагштокко каршы чыгышып, натыйжада эки айылдын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан, анын кесепетинен тараптардын бири курал колдонгон.

Бөлүшүү