Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго берди делген баштыктын ичинде документ болгон. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев Facebook баракчасына жазып чыкты.
Адвокаттын айтымына караганда, пакетте эч кандай акча жана зер буюмдар болгон эмес, анын ичинде документтер болгон.
Эскерте кетсек, Абылгазиевдин буйрутмасы менен ички иштер министрлигинин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов ээлеген кызматынан бошотулган.