Ош облусунун аймагында жер силкинди

Автор -

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 07:45те Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Алай районунун Иркештам айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.