Кыргызстандын түштүк борбору Париж декларациясына кол коёт

Автор -
239

Ушул жылдын 21-августта Ош шаардык мэриясы СПИД эпидемиясын толугу менен жок кылууга үндөгөн Париж декларациясына кошулат.

Париж декларациясы ири шаарларда ВИЧ жана СПИД менен күрөшүүдө маанилүү аспаптардын бири болуп саналат. Париж декларациясына кол коюу менен, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мэриялар жана муниципалитеттер 90-90-90 дымактуу максаттарга жетүүгө көмөктөшүү боюнча өзүнө тапшырмаларды алууда. Бул демек, Ош шаардык мэриясы саясий эркин көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте үч тапшырманы аткарууга умтулат. Алар: 2021-жылга чейин ВИЧ менен жашаган адамдардын 90% өзүнүн ВИЧ-статусун билиши керек, ВИЧ-илдети табылган адамдардын 90% дарыланышы керек жана дарыланган адамдардын 90% вирустук жүгү төмөн болушу керек.

БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириктирилген Программасынын (ЮНЭЙДС) Кыргызстандагы директору Мээрим Сарыбаева буларды белгиледи: “Биздин шаарлардын мэриялары ушундай кадамга барып, өзүнө алган милдеттенмелери үчүн жоопкерчиликтин даражасын сезип жатканына кубанычтабыз. Биздин баамыбызда, Париж декларациясына кол коюу – шаарлар деңгээлинде саламаттык сактоо системасын жакшырткан факторлордун бири болуп калат”.

“Өнөктөш тармак” Ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев буларды белгиледи: “Бул – маанилүү саясий кадам. Ал калктын бардык өзөктүк топтору арасында ВИЧ илдетин болтурбоого багытталган иш-аракеттерди жигердүү колдоону камсыз кылуу максатында зарыл болгон адам ресурстарын да, финансы ресурстарын да мобилдештирүүгө жол ачат”.

Коомдук саламаттык альянсынын аткаруучу директору Андрей Клепиков: “Борбор Азияда СПИД менен күрөштө Кыргызстан жогорку деңгээлди көрсөтүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда эки ири шаар ВИЧ/СПИДди токтотуу ниетин тастыктады. Бул башка өлкөлөр үчүн мисал боло алат. Кыргызстанда бул багытта экспертиза деңгээли жогору болгон бейөкмөт уюмдар иш алып барууда жана алар шаар бийлиги үчүн стратегиялык өнөктөш болуп беришет. Альянстын командасы өз кезегинде шаарга техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө даяр”.