Жапаровго баласынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилди

Автор -
565

Саясатчы Садыр Жапаровго улуу баласынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилди. Бул тууралуу активист Мелис Аспеков фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Дастан Садыр уулун акыркы сапарга узатуу Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында өтөт.

Белгилей кетсек, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу жол транспорт кырсыгынын кесепетинен каза тапкан. Жактоочу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, Дастан Садыр уулу мурда эле, 23-августа аварияга тушуккан. 4-шаардык ооруканда үч күн бою комада жаткан. Бүгүн, комадан чыкпай, ал каза болгон.