Садыр Жапаров баласын сүзгөндөрдү сотко бербегиле, арыз жазбагыла, бул кырсык, аны каматкан менен пайда жок. Аллах айтканы болот, баарыбыз кайтып кетебиз”[/ads-quote-center]
Бул туурасында, коомдук активист Мелис Аспеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Белгилей кетсек, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун уулу жол транспорт кырсыгынын кесепетинен каза тапкан. Жактоочу Шарабидин Токтосуновдун айтымында, Дастан Садыр уулу мурда эле, 23-августа аварияга тушуккан. 4-шаардык ооруканда үч күн бою комада жаткан. Кечээ, комадан чыкпай, ал каза болгон.
Буга чейин, Садыр Жапаровдун Көк-Жар айылында болгон жол кырсыкта каза тапкан уулу Дастандын кырсык маалындагы видеосу тараган.