Эгемендүүлүк күнүнө карата борбордук көчөлөр убактылуу жабылат (тизме)

Автор -
353

«Ала-Тоо» аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктарга байланыштуу айрым борбордук көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-30-август күндөрү эрте мененки саат 09:00дөн 11:00гө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ал эми, 31-августта саат 08:00дөн 12:00гө чейин жана 19:00дөн 23:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:

— Чүй проспекти – Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейинки бөлүгү;

— Киев көчөсү – Эркиндик бульварынан Логвиненкого чейинки бөлүгү;

— Фрунзе көчөсү – Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейинки бөлүгү. Абдымомунов көчөсүнүн ошол эле бөлүгү жабык болот.