Ушул жылдын 7-8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Буйрукка 2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 8-августундагы
№ 3218-VI «2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаал жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн кол коюлган.
Мамлекеттик комиссияга бир айлык мөөнөттө кырдаалды иликтөө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берүү үчүн корутунду даярдоо тапшырылды.
Тиркеме
2019-жылдын 7 жана 8-августунда Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы
| Разаков Жеңиш Парпиевич | — Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Мамлекеттик комиссиянын төрагасы; |
| Райымкулов Бакытбек Кеңешбекович | — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). |
Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү:
| Баатырбеков Алмазбек Баатырбекович | — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| Бакчиев Жаныбек Абдукапарович | — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович | — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| Мамытов Талант Турдумаматович | — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| Субанбеков Бакирдин Жамалович | — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| Шайназаров Тынчтык Урайимович | — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
| Араев Азамат Муратович | — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы; |
| Абдысатаров Рысбек Курмангазиевич | — Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын коопсуздук жана коргоо боюнча секторунун башчысы (макулдашуу боюнча); |
| Джаманкулов Марат Тургунбаевич | — Кыргыз Республикасынын Юстиция министри; |
| Намазалиев Алтынбек Абдисаламович | — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чуй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
| Саккараев Марс Намарбекович | — Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким; |
| Асанкулов Бекболсун Сатаркулович | — Кыргыз Республикасынын Чуй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
| Медетбеков Артур Капарович | — “Антитеррор-Альфа” ветерандардын коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
| Исаков Исмаил Исакович | — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
| Кожоналиев Кубатбек Азатович | — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
| Турсунбек Акун | — коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
| Мамасалиев Алишер Тургунбаевич | — эксперт, коомдук ишмер (макулдашуу боюнча). |
































