Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылынын тургуну өз кызын зордуктап жүргөн. Бул маалыматты SUPER.KG порталы Чүй ОИИББинин басма сөз кызматына шилтеме берип билдирди.
[ads-quote-center cite=’деп айтылат маалыматта.’]“Ушул жылдын август айында Сокулук районунун опер кызматкери “жергиликтүү тургун өзүнүн кызын күч колдонуп зордуктап, ал төрөгөн” деген маалымат менен кайрылган. Бул окуя боюнча тергөө иштеринин негизинде кыздын 2005-жылы туулганы, ал эми атасынын 1966-жылы туулгандыгы анык болду. Азыркы учурда атасы кармалып, убактылуу жайга киргизилди. Ал эми төрөлгөн бала башка адамдарга берилип кеткен, алардын дагы аты-жөнү такталууда”[/ads-quote-center]Кыз ушул жылдын 4-июль күнү төрөгөн.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.