ИИМнин тергөө органдары Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын уюлдук телефонун алып коюшту. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында жазган.
Эске салсак, Ирина Карамушкина барымтага алуу жана массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө. Биринчи май райондук соту аны үй камагына алган.