Карамушкина: Атамбаевге карата айтылган айыптоолордо Жээнбековдун да катыштыгы бар (Видео)

Автор -

Бүгүн Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында депутат Ирина Карамушкина президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

“Азырынча менин мандатым жана кайрылуу укугум бар. Андыктан мен түздөн-түз президентке мурдагыдай партиялаш, үзөңгүлөш катары эмес, өлкөнүн президенти катары кайрылам. Биз аудиенцияны талап кылабыз, бизди кабыл алыңыз, көзүбүзгө тик карап туруп мамлекетте эмне болуп жатканын айтыңыз. Эгер элди консолидация кылып, мамлекетти өнүктүрөм десеңиз, колду басым кылуучу рычагдарда эмес, башкаруу пультунда кармаш керек”  
деди депутат.

Ошо менен бирге Карамушкина Атамбаевге карата айтылган айыптоолордо депутаттардын, Жээнбековдун да катыштыгы бар экенин айтып чыкты.

«Мен депутаттарга, кесиптештериме кайрыламын. Биз кандай гана күчтүү өлкөбүз, кандай күчтүү парламентпиз? Карасаңыздар, Алмазбек Атамбаевге карата айтылган айыптоолор, ЖЭБ, Кой-Таш участогу боюнча баары маанисиз. Анан калса урматтуу депутаттар, мунун баары сиздердин макулдугуңар менен жасалбады беле? Ал убакта төрага Асылбек Жээнбеков эмес беле? Эмне үчүн ошол эле ЖЭБ эч нерсеге жарабайт деп айткан жоксуңар? Анда баарыңардын катыштыгыңар бар шериксиңер»
деди Карамушкина.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү