Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт

Автор -

10-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: 10-сентябрларда Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 6…11°, күндүз 12…17°, тоо этектеринде түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 3…8°, күндүз 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14°, күндүз 17…22°, тоо этектеринде түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° суук…+3° жылуу болушу күтүлөт. 10-11-сентябрларда Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

11-12-сентябрларда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде кээ бир райондордо 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.