Бишкектин өкмөттүк жолунда жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Бишкек ШИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жеңил унаа менен жүргүнчү ташыган автобус кагышкан. Болжол менен саат 14:50 чамасында 17 жаштагы айдоочу «Шкода Октавиа» унаасы менен түштүктөн түндүктү көздөй келе жатып, каршы келаткан №8 автобус менен сүзүшкөн.
Мекеменин маалыматына караганда, авариядан төрт адам каза тапты. Учурда алардын өздүгү такталууда.