-Жолдошум экөөбүз таанышканда мен ЖОЖдун акыркы курсунда студент, ал мамлекеттик мекемеде катардагы кызматкер болуп эмгектенчү. Эки жыл сүйлөшүп жүрүп чоң сүйүү менен баш коштук. Алгач баары жакшы эле. Экөөбүз тең иштейбиз, экөөлөп тапканыбыз батирибиздин акысына, тамак-аш, кийим-кечебизге кенен жетчү. Балдарыбыз төрөлгөндө мен үйдө отуруп калдым. Жолдошумдун айлыгы батир акысынан ашпай ошондо жашоонун алгачкы кыйынчылыктарын тарта баштадык. Бирок ал кезде анча-мынча кыйынчылыктарды сүйүүбүз жеңип кеткендей сезилчү. Анын үстүнө удаа төрөлгөн балдарым кичинекей болгонуна карабай күйөөмдүн айлыгына аз да болсо тыгынчык болсун деп үйдө кол өнөрчүлүк кылып каражат тапчумун.
Чыныгы маселе күйөөм жумушунан кыскартууга учурап калганда келип чыкты. Айла жок 3 жана 1,5 жаштардагы балдарыбызды күйөөм карап, мен жумушка чыктым. Аял кишинин тапканынын берекеси болбойбу, жетишпеген жашоонун жакшы эле азабын тарттык. Эртең менен таң атпай туруп тамактарын даярдап коюп жумушка кетем. Кечинде келсем үйдүн ичи үч көтөрүлүп жаткан болот. Аны жыйнап, кечкиге тамак жасап, балдарды уктатып коюп кол өнөрчүлүгүмдү кылам. 3-4 саат уктап алып кайра турмай. Ушинтип кара жанымды карч уруп иштесем да кээде батирибиздин акысын 2-3 айлап төлөй албай калчубуз. Андайда ата-энелерибиз, кээде бир туугандарыбыз төлөп беришчү.
Азыр ошол балдарыбыздын улуусу 5-класста, кичүүсү 4-класста окуп калышты. Балдарыбыз чоңоюп, кыйынчылыктардын баары артта калып жашообуз бир нукка түшкөндөй болду. Бирок андан башка көйгөй чыкты. Тактап айтсам, жолдошум ошондон бери иштебейт. Эртеден-кечке алек болгону – телефон чукуламай. “Иштебейсиңби?”десем: “Жумуш жок болсо эмне кылайын?!”- деп кутулат. Бирок кыйратып деле издебейт. Такси айда деп ижарага машина алып бердим. Киреше тапмак түгүл машинаны уруп алып, тескерисинче, чыгаша болдук. Тааныштар аркылуу ар кандай жумуштарды таап киргиздим. Ашып кетсе бир ай иштейт да, түрдүү шылтоону айтып чыгып алат. Акыры тажаганымда эмне кылсаң ошо кыл деп жайына койдум. Анткен менен келечегибизди ойлогондо айлам куруйт. Балдарыбыз чоңоюп келатат, аларды окутуш керек, үй-жай алыш керек, эл катары карым-катыш күтүш керек дегендей… Күйөөм булардын бирин да ойлоп койбойт. Анын мындай кайдыгерлигинен улам баштагы сүйүүбүз да өчкөн. Ажырашып кетейин десем эл-журттун сөзүнөн чочулайм. “Уруп-сокпосо, ичпесе, көңүлдөш күтпөсө, эмнеге ажырашты? Акча үчүн үй-бүлөсүн бузду” дешпейби. Башкалар үчүн күйөөсүнүн башка аял алып кетиши трагедия болсо, мен үчүн кубаныч болмок. Кээде ошентип да кыялданам. Бирок күйөөм антип кетмек тургай башка кыздарды карап да койбойт. Ошондо мен эмне кылышым керек? Акыркы күндөрү жумуштан бутумду тарта албай келгенде күйөөмдүн уктап жатканын көрүп кыжырым кайначу болду.
Булак: «Ледикг» журналы.