Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында 62 кг салмакта 1/16 финалда мексикалык атаандашын 8:0 эсебинде утту. Бул тууралуу «jebe.media» жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, Тыныбекова 1/8 финалга жолдомо алды.
Ушул күндөрү спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жатат.
Анда ар бир салмакта 1-ден бешинчиге чейинки орунду камсыздаган балбандарга 2020-жылы Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо берилет.