Аэропорттон тарыхый буюм, таштарды алып кетип бара жаткан кытай жараны кармалды

Автор -
204

Баалуу металлды жана тарыхый баалулугу бар металдан жасалган буюмду, таштарды алып кетип бара жаткан Кытай Эл Республикасынын жараны Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.  Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 14- сентябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортунда “Бишкек – Үрүмчү” каттамы боюнча уча турган жүргүнчүлөрдү бажылык контролдон өткөрүүдө Кытай Эл Республикасынын жараны мыйзамсыз төмөнкү буюмдарды алып кетип баратканда кармалды:

1. Сары металдан гранулалар (болжолдуу алтын), курулуш гели менен куюлуп табууга кыйндык жаратуу үчүн термостун капкагына жашырылган;

2.Металдан жасалган жаанын огунун учундай буюм, тарыхий жана башка баалуулука ээ болушу мүмкүн;

3. Таштар, тарыхий жана башка баалуулука ээ болушу мүмкүн.

Бул факт Кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.